Жалал-Абадда жер көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери башталды

Аймак Загрузка... 03 Июль 2026 12:40
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи жолу колдонулууда.

Белгиленгендей, долбоор жер көчкү коркунучунун алдын алууга, адамдардын өмүрүн жана турак жайларды коргоого багытталган. Иш-чаралар эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жүргүзүлүп, долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.