Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу экологиялык мыйзам бузбастан курулууда

Аймак Загрузка... 03 Июль 2026 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Жалал-Абадда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Сары-Кыр тилкесиндеги курулуш иштеринде экологиялык талаптардын аткарылышы текшерилди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анда калдыктарды туура башкаруу жана сорттоо, жер жана суу ресурстарынын булганышына жол бербөө, жаратылышка терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

"Натыйжада аталган тилкеде курулуш иштери экологиялык нормаларга ылайык жүрүп жатканы жана эч кандай мыйзам бузуулар катталбаганы тастыкталды", - деп айтылат маалыматта.

Адистер курулуш жүргүзүп жаткан мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушуп, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык мыйзамдарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүүчүлөр өлкөнүн экологиялык мыйзамдарынын талаптарын жоопкерчилик менен аткаруу зарылдыгын дагы бир ирет эскертишти.