Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 1-июль күнү нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөн Ысык-Көл районундагы абалды жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн жеринде текшерди.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр облус жетекчиси Бакытбек Жетигенов, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Чоң-Сары-Ой айылындагы Орто-Кой каналын, ошондой эле суу каптоо коркунучу жогору болгон башка кооптуу тилкелерди кыдырып чыкты.
"Жумушчу сапардын алкагында табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу жана кайталануу тобокелдигин азайтуу боюнча биринчи кезектеги чаралар белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Канатбек Чыныбаев сел калдыктарын тазалоо, жээктерди бекемдөө жана алдын алуу иштерин кечиктирбей, ыкчам түрдө жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды койду.