Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров менен болгон жолугушууда Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну Медер Такырбашев жергиликтүү бала бакчаны жаңылоо зарылдыгы тууралуу маселе көтөрдү.
Анын айтымында, имарат балдар үчүн өтө тар болуп калган. Көйгөйдү тезирээк чечүү максатында айыл тургундары өздөрү каражат топтоп, курулуш үчүн 1 млн сомго жер тилкесин сатып алышкан. Бирок, тиешелүү органдарга кайрылганына карабастан, элдин демилгеси азырынча ишке аша элек.
Ошондой эле тургун жергиликтүү жарандарга айдоочулук күбөлүк алуу жана унааларды каттоо процессин жеңилдетүү үчүн район борборунда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин филиалын ачуу өтүнүчү менен кайрылды.
Кайрылууну уккан облус башчысы биринчи кезекте буга чейин башталган социалдык объекттерди бүтүрүүгө көңүл бурулуп жатканын, ал эми жаңыларын куруу келерки жылдан тарта пландала турганын түшүндүрдү. Ал эми "Унаа" мекемесинин филиалын ачуу боюнча, бул маселе буга чейин да көтөрүлгөнүн, өкүлчүлүк талдоо жүргүзүп, эгерде калктын муктаждыгы жогору болсо, тиешелүү сунуш киргизерин белгиледи.
Райондун акими Мирлан Камчыбеков бала бакча чындыгында эле модернизацияга муктаж экенин тастыктады. Ал жаңы имараттын курулушу башталганга чейин, Өнүктүрүү фондунун жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен учурдагы корпуста оңдоо иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.