Анкара көчөсү тарапта ичүүчү суу бир күнгө токтойт

Коом Загрузка... 17 Октябрь 2025 15:31
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 17.10.25. /Кабар. Анкара көчөсү тарапта ичүүчү суу бир күнгө токтойт.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, өчүрүү району Анкара көчөсү, Чоң Чүй каналы, Аламүдүн суусу, темир жол тилкеси менен чектешет.

23-октябрда ошол райондо жайгашкан турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде саат 9.00дөн 22:00гө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Суу "ХБО" суутоптомосундагы реконструкциялоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" ишканасы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууга чакырды.