Жолдорду тазалоо: Жалал-Абадда селдин кесепеттери жоюлду

Коом Загрузка... 23 Июнь 2026 09:20
730223081_1325787566396653_5482837123773299745_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Кечээ, 22-июнда Жол тейлөө ишканалары тарабынан селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жана унаа жолдорун калыбына келтирүү иштери аткарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин – Жол – Казар – Мазар – Сере унаа жолунун 10–10,3-чакырымдарында селден кийин жол тазаланып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Маданият – Майлуу-Суу унаа жолунун 9–15-чакырымдарында да селдин кесепеттерин жоюу максатында тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жасалды.