Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. "Азиз" базарында чыккан өрт саат 10:16да чектөөгө алынды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүү иштери саат 08:58ден тартып уланууда.
Азыркы сааттарга карата жалпы 8 бөлүм, штаб, оперативдүү топ дрону менен жана 3 суу ташуучу унаа тартылган.