Барпы театры жаңыланган имаратта кезектеги сезонун ачат - Таалайбек Тургунов

Маданият Загрузка... 26 Сентябрь 2025 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Барпы театры

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.09.25 /Кабар/. Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры октябрь айынын ортосунда жаңыланган имаратта кезектеги сезонун ачат. Бул тууралуу аталган театрдын директору Таалайбек Тургунов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда оңдоп-түзөө иштери аяктап, акыркы жумуштары калды.

“Негизинен оңдоп-түзөө иштерине 11 млн 435 миң сом каралып, иш эки этап менен аткарылды. Биринчи этабына 7 миллиондон ашуун каражат жумшалды. Андан соң маданият министри Мирбек Мамбеталиев жерине келип таанышып, калган акчанын эсебинен кошумча иштерди жүргүзүүгө шарт түзүп берди. Азыркы тапта соңку жумуштар жүрүп жатат, 4–5 күндүн ичинде толугу менен бүткөрүлөт”,-деди ал.

Директордун айтуусу боюнча оңдоп-түзөө иштеринин алкагында театрдын сырткы фасады, эшик-терезелери, электр жабдуулары, сахна бөлүгү толугу менен жаңыланып, мекеменин алдына брусчатка төшөлдү.

“Мыкты режиссер келсе деле сахна техникалык тарабынан жакшы болбосо спектакль ойдогудай чыкпай калышы мүмкүн. Ошондуктан, сахнанын толугу менен жаңылап, музыкалык аппаратураны, жарык эффектилерин алмаштырдык. Андан сырткары, биздин театр Жалал-Абад облусундагы чоң маданий иш-чараларды өткөрүүчү жалгыз мекеме болгондуктан, кире беришке салынуучу жалпы узундугу 120 метрлик килемдерди алдык. Былтыркы жылы министрлик жайында салкын, кышында жылуу кылуучу кондиционерлерди койдуруп берген. Мындайча айтканда, бизде толук кандуу жана мыкты деңгээлде оңдоп-түзөө иштери жүрдү десек болот”,-деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры - 1955-жылы Өзгөн театрынын базасында түзүлгөн. 500 орундуу көрүү залы, гримдөө, костюм тигүү, сүрөт жана башка цехтери бар. Буга чейин театр бир да жолу оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлгөн эмес.