Баткен облусунда сел жүрдү

Аймак Загрузка... 01 Май 2026 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.05.2026 /Кабар/ Күн мурун, 30-апрелде Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында жааган жамгырдан улам тоолуу айылдарда сел жүргөн.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, сел сууларынын кесепетинен адам өмүрүнө, мал-жандыкка, турак жайларга жана социалдык объектилерге зыян келтирилген жок.

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун айрым тилкелеринде жана ички жолдордо селден улам жол кыймылы кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учураган. Бирок жолдорду тазалоо иштери түнү бою жүргүзүлүп, учурда облус аймагындагы бардык жол каттамдары толук ачылды.

Ошондой эле үзгүлтүккө учураган электр энергиясын калыбына келтирүү жана сугат каналдарын тазалоо иштери улантылууда.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштер Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимовдун көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.