Баткенде сугат мезгилине даярдык башталды

Аймак Загрузка... 04 Февраль 2026 16:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Баткен облусундагы сугат суу насосторунун абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Баткен районунун Ак-Сай айылындагы насостук бекетинин сугат мезгилине карата даярдыгынан кабар алды.

Ал суу чарба кызматкерлери менен жолугуп, суу берүүчү насостордун абалы боюнча маалымат алып, оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу аткаруу, өз убагында суу берүү тапшырмасын койду.

Белгилей кетсек, Ак-Сай насостук бекетинде эки агрегат бар. 1 агрегаттын суу айдоо өндүрүмдүүлүгү 350 литр/секунд. Ал 125 гектар жерди суу менен камсыз кылат.