Баткендеги Кара-Кол каналына сууну жөнгө салуучу бассейн курулат

Аймак Загрузка... 04 Февраль 2026 17:57
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Баткенде Кара-Кол каналынын суусун топтоо үчүн суткалык жөнгө салуучу бассейн курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, район акими Данир Иманалиев, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана суу чарба тармагынын жетекчилери, сугат суу боюнча атайын адистер Кара-Кол каналын куруу, калыбына келтирүү иштеринин аткарылышын жеринде көрүштү. Ошондой эле каналдын суусун топтоочу курулмалардын ордун пландоо иштерин жүргүзүштү.

Узундугу 14 чакырым болгон каналдын жана башкы суу алуучу түйүндүн курулушуна республикалык бюджеттен 23 млн сом бөлүнгөн, ал эми Агахан Эл аралык уюумунан 24 млн сом грант каралган. Кара-Кол каналынын башкы суу алуу түйүнүнө кошумча 16 млн 900 миң сом жумшалган.

Бул ири долбоордун аякташы менен 1200 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакын жайгашкан айылдарга сугат суу берүү жакшырат.

Көлөмү 1 кубка чейин жеткен сууну тамчылатып сугаруу системасы менен пайдаланып, эки эсе көп жерди өздөштүрүү максатталууда.