Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташтыгы жылдан-жылга өсүү динамикасын көрсөтүүдө. Былтыр эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 1,3 млрд доллардан ашкан. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 19 пайызга жогорулаган. Мында экспорт да, импорт да көбөйдү. Экономисттер мындай сандар кыргыз-өзбек алакасынын кеңейишин билдирерин, биргелешкен жана ири долбоорлор экономикалык кызматташтыкты дагы да арттырарын белгилешүүдө. "Кабар" агенттиги бул ирет дал ушул Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгына саресеп салды.
Кыргызстан менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү 2021–2025-жылдары 2 эсеге өстү. Мында импорт – 1,9 эсе, экспорт – 2,3 эсеге көбөйгөн.
Биздин өлкөнүн жалпы соода жүгүртүүсүндө Өзбекстандын үлүшү 2025-жылы 6,3 пайызды түздү:
- экспортто – 14,2%;
- импортто – 4,6%.
Ал эми 2026-жылдын январь-апрель айларында бул көрсөткүч экспортто – 11,5%, ал эми импортто – 6,1% болду.
Экономика жана коммерция министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү 1 млрд 3 млн 500 миң долларды түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 18,7 пайызга жогору. Мында экспорт – 405,7 млн долларды түзүп, өсүш 16,9 пайызды көрсөтсө, импорт – 597,8 млн долларды түзүп, 20 пайызга өскөн.
Кыргызстандан Өзбекстанга руда, баалуу металлдардын концентраттары, көмүр, мунай продуктулары, кара металл, керамикадан жасалган буюмдар, транспорт каражаттары жана алардын жабдуулары, желим, гипс, таш, цементтен жасалган буюмдар, жыгач материалдары, мал жандыктары, картошка, мөмө-жемиш жана башка товарлар экспорттолгон.
Ошол эле маалда Өзбекстандан Кыргызстанга жер-жемиш, мөмө-жемиш, үй канаттуулары, ун, кондитердик азыктар, суусундуктар, желим жана андан жасалган буюмдар, жер семирткич, фармацевтикалык каражаттар, жеңил өнөр жай продукциялары, алюминий, жез, айнек, керамикадан жасалган буюмдар, транспорт каражаттары жана алардын жабдуулары, электромобилдер, мунай продуктулары, электр энергиясы жана башкалар импорттолууда.
Быйыл январь-апрель айларында эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 327 млн долларды түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,5 пайызга жогорулады. Мында импорт – 250,6 млн доллар (өсүш 1,7 эсе), ал эми экспорт 76,4 млн долларды түзгөн.
Ошондой эле Кыргызстанга Өзбекстандан келген инвестициялардын агымы жылдан-жылга өсүп, оң динамиканы көрсөтүүдө. Улуттук статистика комитетинен "Кабар" агенттигине маалымдашкандай, өлкөгө Өзбекстандан келген түз инвестициялардын көлөмү да туруктуу жогорулоодо. Мисалы, 2020-жылы 24 840,9 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция келсе, бул көрсөткүч 2023-жылы 91 878,5 миң АКШ долларына жеткен. Ал эми 2025-жылы инвестициялык агым 217 155 миң АКШ долларын түздү.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн соода, инвестициялык жана каржылык алакаларын кеңейтүүгө Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн келишиминин негизинде 2021-жылы түзүлгөн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду да өз салымын кошуп келет. Фонд түптөлгөндө уставдык капиталы 50 млн АКШ доллары суммасын түзгөн. Андан бери бул сумма кыйла жогорулады.
Фонд Кыргызстандагы экономикалык артыкчылыктуу тармактардагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду каржылап келет. Алар:
- агроөнөр жай комплекси;
- тигүү жана текстиль өнөр жайы;
- кайра иштетүү өнөр жайы;
- тоо-кен өндүрүү жана металлургия өнөр жайы;
- транспорт;
- турак жай курулушу;
- соода;
- ишкерликти өнүктүрүү;
- энергетикалык комплекс;
- инфраструктураны өнүктүрүү;
- туризмди өнүктүрүү.
Мисал келтирсек, былтыр Кыргызстан-Өзбекстан өнүктүрүү фондунун лизинги аркылуу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына 10 жаңы автобус сатып алынган. Келишимдин жалпы суммасы 740 миң долларды түзгөн. Бул сумманын 20 млн сому облусту өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен каржыланган.

Япониянын технологиясы менен чыгарылып, Өзбекстанда чогултулган бул автобустар жүргүнчүлөр үчүн абдан ыңгайлуу. "Кызыл-Кыя шаардык автоунаа" муниципалдык ишканасына жаңы техниканын келиши менен кошумча 18 жаңы жумуш орду түзүлдү. Буга чейин аталган ишканада 38 адам иштеп келген.
Эки өлкө соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Бүгүн, 23-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиянын 12-жыйыны өттү.
Отурумда эки мамлекеттин соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлору менен демилгелери жигердүү илгерилеп, аймактар аралык кызматташуу өнүгүп жатканы, ошондой эле тиешелүү Жол карталарында бекитилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы белгиленди.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Өзбекстан менен соода-экономикалык тармакта кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берээрин, бул багытта өз ара сооданын тынымсыз өсүп жатканын билдирди.

"2025-жылдын аягына чейин эки өлкөлөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд доллардан ашып, бул 2024-жылга салыштырмалуу 19 пайызга өстү. Акыркы беш жылдын ичинде бул көрсөткүч эки эсе өскөнүн белгилегим келет. Биз биргелешип алдыга амбициялуу жана аткарыла турган максатты койдук, ал — 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү", — деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле жыйында эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткан Кыргызстан-Өзбекстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү жана жетишилген макулдашууларга ылайык, анын уставдык капиталын көбөйтүү зарылдыгы айтылды.
"Биз өнөр жай кооперациясына жана биргелешкен өнөр жай долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурууну сунуштайбыз. Биргелешкен индустриалдык парктарды жана логистикалык комплекстерди түзүүнү, ошондой эле мындай долбоорлорду мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгууну колдойбуз. Биз 2030-жылга чейин агроөнөр жайлык кооперациялык программаны иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүнү сунуштайбыз", — деп баса белгиледи минкаб төрагасы.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов белгилегендей, өзбек тарап эки өлкө ортосундагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым даяр жана буга кызыкдар.

Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн транспорт тармагындагы кызматташуусунун алкагында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору ишке ашырылууда. Ошондой эле энергетика тармагындагы стратегиялык мааниге ээ "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоорун жүзөгө ашырууну тыгыз координациялоо улантылууда.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык акыркы жылдары регионалдык экономикалык интеграциянын активдешүүсүнүн натыйжасында туруктуу өсүү динамикасын көрсөтүүдө. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Гүлназ Супаева “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, географиялык жакындыгы, тарыхый жана экономикалык байланыштардын бекемдиги, ошондой эле транспорттук инфраструктуранын өнүгүшү эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода байланыштарынын кеңейишине өбөлгө түзүүдө.

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү туруктуу өсүүдө. Эки мамлекетти соода түзүмүндө айыл чарба продукциялары, текстиль жана азык-түлүк товарлары, курулуш материалдары, кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы жана энергетикалык ресурстар негизги орунду ээлейт. Ошол эле учурда өндүрүштүк кооперациянын кеңейиши жана транспорттук-логистикалык инфраструктуранын өнүгүшү эки тараптуу кызматташтыктын жаңы багыттарын калыптандырууда.
"Өз ара экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири катары эки өлкө тарабынан товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2030-жылга чейин 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максаты коюлган. Бул багытта өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, бажылык процедураларды жөнөкөйлөтүү жана чек арадагы логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча бир катар программалар ишке ашырылууда", — деди экономист.
Гүлназ Супаева белгилегендей, соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүшүндө транспорттук жүк ташуу системасы маанилүү орунду ээлейт. Бул тармак мамлекеттер аралык соода агымдарынын натыйжалуулугун камсыз кылган негизги инфраструктуралык механизм болуп эсептелет. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жүк ташуулардын негизги бөлүгү унаа аркылуу ишке ашырылат, анткени бул жеткирүү мөөнөтү боюнча бир топ артыкчылыктарга ээ. Бүгүнкү күндө эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
"Өзбекстан–Кыргызстан–Кытай–Монголия багыты боюнча жаңы транспорттук коридордун ишке киргизилиши региондогу логистикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана жүк ташуулардын убактысын кыскартууга шарт түзөт. Бул коридор жаңы экспорттук рынокторго чыгууга мүмкүндүк берип, транзиттик потенциалды жогорулатууга багытталган. Мындан тышкары, стратегиялык мааниге ээ болгон "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу долбоору жүк ташуу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууда өзгөчө мааниге ээ. Аталган долбоордун ишке ашырылышы Кытайдан Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнө жүктөрдү жеткирүү убактысын кыскартууга, транспорттук чыгымдарды төмөндөтүүгө жана мамлекеттер аралык соода байланыштарын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет", — деди Гүлназ Супаева.

Ошондой эле Кыргызстан–Өзбекстан–Түркмөнстан–Азербайжан–Европа транспорттук коридорунун толук ишке киргизилиши жүк ташуулардын географиясын кеңейтүүдө. Аталган коридор аркылуу Кыргызстандын жүк ташуучулары Европа рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Бишкектен Түркмөнбашы портуна чейинки аралык болжол менен 2500 чакырымды түзөт.
"Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын кеңейиши транспорттук жүк ташуулар системасынын натыйжалуулугу менен түздөн-түз байланыштуу. Транспорттук инфраструктураны модернизациялоо, логистикалык борборлорду өнүктүрүү жана эл аралык транспорт коридорлорун кеңейтүү эки мамлекеттин экономикалык өсүшүнө жана регионалдык интеграция процессине олуттуу оң таасир тийгизет”, - деди экономист.