Бишкек – Ош унаа жолунда эки тилкелүү жаңы туннель курулууда

Аймак Загрузка... 02 Июль 2026 16:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Талант Солтобаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымдарында жаңы туннелдин курулушу башталып, иштер планга ылайык аткарылууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, аталган аралыкта кар жана таш көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 742 метр узундуктагы 2 тилкелүү туннель курулат.

"Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар жана 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдарды орнотуу каралган. Бүгүнкү күнгө карата, Бишкек порталында тоо боорлоруна коргоочу торлорду орнотуу иштери 90%га аяктап, курулуш үчүн бетон өндүрүш заводунун монтаждоо иштери соңуна чыкты. Ошондой эле инженер-консультанттар үчүн кеңсе менен лабораториянын курулушу аяктоодо", - деп айтылат маалыматта.

Министр белгилегендей, туннелдин курулушуна керектүүчү материалдар Япониядан кезек-кезеги менен алып келинүүдө. Долбоорду 2028-жылы бүткөрүү мерчемделген.

Эскерте кетсек, аталган туннель Транспорт министрлигинин жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин биргелешкен долбоору болуп саналат.