Оштогу Увам каналынын жээги эс алуу аймагына айланат

Аймак Загрузка... 02 Июль 2026 16:00
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Ош шаарын аралап өткөн Увам каналынын жээгине жаңы заманбап сквер курулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев аталган аймакты көрүп чыкты.

"Сквер "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк" долбоорунун негизинде курулат. Ал суу корук зонасында жайгашкан үйлөрдүн ордуна уюштурулуп, шаардыктар үчүн коопсуз жана көрктүү эс алуу мейкиндигине айланат. Долбоордун алкагында жөө адамдар үчүн сейилдөө жолдору, көлөкөлүү жашыл аймактар, отургучтар, жарыктандыруу жана шаардык эс алуу инфраструктурасы түзүлөт",-деп айтылат маалыматта.

Шаар мэри Жанарбек Акаев бүгүнкү күндө Ошто көп кабаттуу турак жайлардын саны көбөйүп жатканын, ошондуктан жашоочулар үчүн жаңы парктарды жана скверлерди көбөйтүү башкы артыкчылыктардын бири экенин белгиледи.