Ысык-Атада 112 млн сомдук конок үйү мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 02 Июль 2026 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Ысык-Ата курортунун аймагындагы конок үйүнүн имараты жана жери мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, райондук прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн.

"Анда 2005-жылы Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок үйүнүн имараты жана ага чектеш 0,10 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Коной үйү 5 кабаттан туруп, жалпы аянты 2128,48 чарчы метрди түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгы менен жалпы баасы 112 млн сомду түзгөн конок үйүнүн имараты жана ага чектеш жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.