Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулууда

Аймак Загрузка... 02 Июль 2026 18:30
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Мектептин тендердик баасы 107 млн сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, имараттын жалпы аянты 1904 чарчы метрди түзүп, 4 блоктон турат. Мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, анда эки кабаттуу окуу корпусу, ашкана, китепкана, жыйындар залы жана спорт зал жайгашат.

Аткарылган иштин бардык этабы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, курулушту "Авангард Сити" ЖЧКсы жүргүзүүдө.