Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок унаа жолунда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Чоң-Кемин суусунун деңгээли көтөрүлүлүп, аталган унаа жолдун 3-чакырымындагы жол жээгин суу жууп кеткен.
"Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан суунун нугун буруу жана селден жабыркаган тилкени калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул үчүн 2 жүктөгүч жана 1 HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тартылды", - деп айтылат маалыматта.