Бишкек, 05.05.25. /Кабар/. Бүгүн саат 01:00-02:00 чамасында Бишкек – Ош унаа жолуна чоң көлөмдөгү таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, таш жолдун 440+000-чакырымына (Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн ортосу) түшкөн.
Учурда Транспорт министрлигинин атайын техникалары тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдун бир тарабы ачылып, унаалар үчүн бир тараптуу кыймыл камсыздалды.
“Экинчи тилкени толук ачуу боюнча иштер улантылып жатат. Айдоочулардан этият болууну жана жол эрежелерин так сактоону суранабыз“, - деп айтылат маалыматта.