Бишкекте энелердин өлүмүн азайтуу маселеси талкууланды

Ден соолук Загрузка... 15 Май 2026 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Бишкекте энелердин саламаттыгын коргоо жана өлүмдүн алдын алуу максатында Акушердик байкоо жүргүзүү жана чара көрүү улуттук системасын кеңейтүүгө арналган жыйын өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү, акушер-гинекологдор жана эл аралык эксперттер катышып, беш төрөт үйүндө ийгиликтүү өткөн пилоттук долбоордун жыйынтыктарын талкуулашты.

Белгиленгендей, аталган система санариптик платформа реалдуу убакыт режиминде энелердин абалындагы оор татаалдашууларды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле медициналык жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтерди өз убагында аныктап, "өлүм алдында турган" оор учурларды талдоо аркылуу алардын алдын алууга багытталган.

Учурда системаны санариптештирүү жаатында Бишкек, Ош шаарларындагы жана облустук мекемелердеги электрондук маалыматтарды бирдиктүү базага чогултуу механизми киргизилүүдө.

БУУнун Калк фондусу (ЮНФПА) тарабынан иштелип чыккан бул система "Сандардын артында эмне жашырылган?" аттуу эл аралык ыкманын алкагында иштейт.

Эксперттер белгилегендей, Акушердик байкоо жүргүзүү жана чара көрүү улуттук системасын улуттук деңгээлде кеңейтүү – алдын алууга мүмкүн болгон энелердин өлүмүн кескин азайтууга жана медициналык жардамдын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө жол ачат.