Диетолог холестеринди нормада кармоонун сырлары менен бөлүштү

Ден соолук Загрузка... 03 Июль 2026 09:40
400_0_1736361090-33.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Диетолог Линдси ДеСото липиддик профилге (кандагы майлардын көрсөткүчүнө) оң таасирин тийгизе турган адаттарды тизмектеди. Бул тууралуу Лента.руга шилтеме берүү менен Health басылмасы жазды.

Адистин айтымында, адамдардын кечки убактагы жүрүм-туруму алардын холестерининин деңгээлине түздөн-түз таасир этет.

Ал кечки сейилдөө зат алмашууну жакшыртууга жана пайдалуу холестериндин деңгээлин көтөрүүгө жардам берерин айтты. Ошондой эле дарыгер кеч убакта тамактануудан, өзгөчө таттуу жана майлуу тамактардан баш тартууну сунуштады. Ден соолукка пайдалуу башка кадамдардын катарына сапаттуу уйку жана стрессти азайтуу кирет.

Мындан тышкары, диетолог кийинки күндүн тамагын кечинде алдын ала камдап коюуну адат кылууга кеңеш берди — бул кокусунан туура эмес тамактанып алуудан сактайт.

ДеСото бул адаттар жалпы сергек жашоо образы менен айкалышканда гана натыйжа берерин баса белгиледи.

"Туруктуу кыймыл-аракет, тамактанууну көзөмөлдөө, тамеки менен спирт ичимдиктеринен баш тартуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуунун жана пайдалуу холестериндин деңгээлин жогорулатуунун негизги факторлору бойдон кала берет", - деп ишендирди ал.