Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 11 адам эвакуацияланды

Кырсык Загрузка... 06 Апрель 2026 19:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт үйдүн 5-кабатынан чыгып, 11 адам эвакуацияланды.

Маалым болгондой, саат 15:28де өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп жана автошаты тартылып, саат 15:38де дагы 6 куткаруучу жардамга келген.

Саат 16:16да тилсиз жоо толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар катталган жок.