Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленди

Коом Загрузка... 22 Июнь 2026 20:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик кызмат агенттиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Бүгүн 23-июнь – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлнара Акимбаева жана Мирлан Жээнчороев, президенттин администрациясынын тармактык кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери, эл аралык жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө агенттиктин директору Элчибек Жантаев мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын өнүктүрүү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жетишилген натыйжалар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле өзүнүн үзүрлүү эмгеги менен айырмаланган кызматкерлерге мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.