Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери, Ленинград блокадасынын 8 катышуучусу жана концлагерлердин 4 туткуну жашайт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, бул ардагерлердин бардыгын үйүнө барып Жеңиш күнү менен куттукташты.
“Жеңиш күнүнө карата шаардын райондорунда күндүз майрамдык иш-чаралар болот. Бирок, сейилдөөдөн тышкары кечки концерт каралган эмес”, - деди мэр.