Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.
Мамлекет башчысы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.
Президент Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлерин жана жалпы кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады.