Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына сунушталган талапкерлер каралды.
Парламенттен билдиришкендей, президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпуев өлкө башчысы тарабынан сунушталган Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева жана Бөдөш Мамырованы тааныштырды.
Ал эми Жогорку Кеңештен "Эл Үмүтү – Ата-Журт" депутаттык тобу Тынчтык Шайназаровду талапкер катары көрсөтсө, "Ала-Тоо" жана "Ишеним" депутаттык тобу Сүйүнбек Касмамбетовду сунушташты.
Ошондой эле "Ынтымак – Мекенчил" депутаттык тобу Лейла Лурованы талапкер катары тааныштырса, "Элдик" депутаттык тобу Тимур Оторбаевди көрсөтүшкөн.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөгүнө Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева, Бөдөш Мамырова, Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаев шайланды.