Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапты

Жогорку Кеңеш Загрузка... 03 Июнь 2026 15:00
701386325_1522728275887289_87.max-1920x1080.format-webp.webp

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "КР Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев белгилегендей, мыйзам долбоору калктуу конуштарда, анын ичинде шаарларда дренаждык системалардын курулмаларынын иштешин камсыз кылуу боюнча Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле аймактарды суу каптоо, сел агындылары, ташкындар жана башка кооптуу табигый кубулуштар менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин алдын алуу жана азайтуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Талкуу маалында депутат Кубанычбек Самаков сунушталып жаткан ченемдерди ишке ашыруу механизмдерин тактап, ошондой эле сел жана башка табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин штаттык санын көбөйтүү керектигин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев мыйзам долбоорун колдоп, шаарлардагы дренаждык системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуунун актуалдуулугуна көңүл бурду.

Өз кезегинде депутат Элвира Сурабалдиева өрткө каршы кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселесин ортого салып, айрыкча бийик көп кабаттуу имараттарда чыккан өрттөрдү өчүрүү үчүн атайын автотепкичтерди жана башка жабдууларды сатып алуу керектигин айтты.

Депутат Бурул Аманова катуу жаан-чачындын кесепетинен жолдорду суу каптап жатканын белгилеп, бул көйгөйдү чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын айтса, эл өкүлү Уланбек Жаанбаев өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу маселелерине токтолду.