Жогорку Кеңеште аскердик медицинаны өнүктүрүү маселеси айтылды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 03 Июнь 2026 12:45
askeri-ilk-yardim-cantasi.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Райимберди Дүйшөнбиев аскердик медицина тармагындагы айрым маселелерге токтолуп, бир катар сунуштары менен бөлүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эл өкүлү акыркы жылдары аскер кызматкерлерин татыктуу эмгек акы менен камсыздоо, жаңы имараттарды куруу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жаңы курал-жарактарды сатып алуу боюнча чоң иштер аткарылганын белгилеп, бул мекенге кызмат кылуунун кадыр-баркын көтөргөнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырганын билдирди.

"Бирок ошол эле учурда, аскердик медициналык камсыздоо тармагы салыштырмалуу артта калууда. Алсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Мамлекеттик чек ара кызматынын өздөрүнө таандык госпиталы жок болгондуктан, кызматкерлер мамлекеттик ооруканаларда дарыланууга аргасыз болууда. Ал жакта бейтаптардын саны ансыз да көп. Ал эми Коргоо министрлигинин госпиталында орундар чектелүү. Бул нерсе мамлекеттик медициналык мекемелерге кошумча жүк болуп келет", - деди депутат.

Аталган көйгөйдү чечүү үчүн Коргоо министрлигинин Бишкек, Ош шаарларында жана Тамга айылында жайгашкан медициналык мекемелеринин базасында Куралдуу күчтөрдүн медициналык камсыздоо борборлорун түзүүнү сунуштады.

Ага кошумча, медициналык-лабораториялык заманбап жабдууларды сатып алуу, аскердик дарыгерлердин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу, бул жаатта башка мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу зарылдыгын айткан депутат демилге ишке ашса, аскер кызматкерлери өз милдеттерин так аткаруусуна шарт түзүлүп, өлкөнүн коопсуздугуна да чоң салым кошорун кошумчалады.