Быйыл “Ала-Тоо Резорт”долбоорунун биринчи этабы ишке ашат – Амангелдиев

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Май 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-05-18 at 10.56.50.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Кыргызстанда жаңы ГЭСтер, күн станциялары жана жол долбоорлору ишке ашууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрү менен болгон таңкы жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, быйыл өлкөдө ишке ашырыла турган бир катар маанилүү долбоорлор пландалган.

“Алардын арасында “Ала-Тоо Резорт” долбоору бар. Быйыл анын биринчи этабы ишке ашырылат. Ошондой эле Бишкек шаарындагы жол тыгындарын азайтуу максатында Чыгыш–Батыш багытындагы жолдорду жакшыртуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул долбоорлордун 30 пайызы ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен, ал эми 70 пайызы инвестициялар аркылуу каржыланууда.
Мындан тышкары, экономиканын өсүшү менен энергетикага болгон суроо-талап дагы көбөйүүдө. Ошондуктан бул тармакта бир катар реформалар жүрүп жатат. Учурда күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер ишке киргизилүүдө. Ошондой эле Чаткал ГЭСтер каскадына старт берилди”, - деди Амангелдиев.

Белгилей кетсек, бүгүн минкаб жетекчисинин орун басары Данияр Амангелдиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда бир катар объектилерге барып, жыйындарды өткөрөт.