Ош: Быйыл Кызыл-Кыштак аймагында 4 мектептин курулушу бүтөт

Аймак Загрузка... 14 Май 2026 13:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Бугүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин эл менен жолугушуусу Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгында өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында тургундар көбүнчө инфратсруктуралык багыттагы суроолорду беришип, шаар башчысынан жеринде жооп алышты.

Ошондой эле балдар ооруканасында жабдуулардын жетишсиздиги боюнча да суроо козголду. Шаар мэри Ош шаарында жакында жаңы балдар ооруканасы куруларын айтты.

Ошондой эле шаар тургундары билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү, социалдык обьектилердин жетишсиздигин да козгошту. Жанарбек Акаев билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын, Кышыл-Кыштак аймагында быйыл 4 мектеп курулуп бүтөөрүн билдирди.

Эске салсак, быйыл шаар боюнча 17 мектеп курулуп жатат. Анын 10у Президенттин турукташтыруу фондунан каржыланган.

Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгы шаардын батыш бөлүгүндө жайгашып, 47 миңден ашуун калк жашайт. Ага Жаңы-Турмуш, Андижан, Ишкаван, Кызыл-Байрак, Коммунист, Керме-Тоо айылдары кирет.

Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн бардык аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолушуп, көйгөйлөрүндү жеринде чечишүүдө.