Чүй дарыясындагы кооптуу тилкелер 5 жылда толугу менен жоюлат

Коом Загрузка... 22 Июнь 2026 16:00
509599911_10233623445999460_4566298019183458916_n.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Быйыл Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери ири 9 тилкеде жүрүп, 7 миң 200 метр жери бекемделүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Кабар подкаст" берүүсүндө өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жылына болгону 3-4 объектте гана иштер жүргүзүлсө, Президенттин колдоосу менен быйыл иштердин көлөмү кыйла көбөйгөн.

"2023-жылдагы изилдөөдө Чүй дарыясында 124 кооптуу тилке бар экендиги аныкталган. Чүй дарыясында жылына 9–20 гектарга чейин биздин жер суунун нугу менен желип кетчү. Бул көйгөйдү чечүү максатында учурда ӨКМ тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Эгер каржылоо ушул деңгээлде калса, бул маселени 5 жылда жоёбуз. Биз ушундай стратегиялык маанидеги чоң максаттарды коюп жатабыз. Байкасаңыздар, азыр чоң дамбалар желип, конуштарды суу каптап кетти деген көрүнүштөр жокко эсе. Азыр локалдык селдер жүрүп, ошолордун үстүнөн иштөө зарылчылыгы турат", — деди Чыныбаев.

Ошондой эле министр учурда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерине өзгөчө басым жасалып жатканын кошумчалады.