Чыгымдар 10 эсеге үнөмдөлөт. Ноокатта ири кычкылтек станциясы курулду

Аймак Загрузка... 19 Май 2026 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon БУУӨП

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Ноокат райондук аймактык ооруканасынын базасында жаңы медициналык кычкылтек өндүрүүчү станциянын тесттик сыноолору ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу БУУнун өнүктүрүү программасынан билдиришти.

Долбоор Саламаттык сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө БУУӨП тарабынан ишке ашырылып, Глобалдык фонд тарабынан каржыланды.

Станция COVID-19 пандемиясы учурундагы кычкылтек тартыштыгы сыяктуу орчундуу маселелерди чечүү максатында курулду.

Германиядан чыгарылган заманбап жабдуулар менен камсыздалган станция суткасына 100-150 баллон (же 1 200 куб метр) сертификатталган медициналык кычкылтек өндүрүүгө жөндөмдүү. Бул көлөм Ноокат районунун гана эмес, коңшу 3-4 райондун да муктаждыгын толук жабат.

Мурда кычкылтек сатып алууга жылына орто эсеп менен 32 млн сом сарпталса, эми бул чыгым 3,7 млн сомго чейин кыскарат.

Ноокат аймактык ооруканасынын директору Кубатали Азимбаевдин айтымында, учурда кычкылтек берүүчү чекиттер дээрлик бардык палаталарга жана кабыл алуу бөлүмүнө орнотулду. Бул жылына пневмония менен катталган 2 500дөн ашык балага жана башка оор абалдагы бейтаптарга өз убагында сапаттуу жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.

Маалыматта белгиленгендей, станция толугу менен мамлекеттик баланска өткөрүлүп берилет.