Чыңгыз Айтматовдой болуп дүйнөгө белгилүү чыгармаларды жараткым келет - бүтүрүүчү менен маек

Маек Загрузка... 03 Апрель 2025 10:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Мектеп - бул баланы жашоого багыттаган билимкана. Ал жерден келечек муун билим гана албастан жашоодогу андан ары улай турчу жолун тандап алат. Мектептен ар түрдүү адамдар, ар түрдүү кесиптин ээлери чыгат. Мисал үчүн Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиясынын 11-классынын окуучусу Асылкан Машрапова келечекте белгилүү адабиятчы болгусу келет.

WhatsApp Image 2025-04-03 at 07.14.11.jpeg

Окуучунун айтуусу боюнча ал башынан эле чыгармачылыкка жакын жана келечекте акын-жазуучу, котормочу болууну кыялданат. Быйыл мектепти аяктап жактандыгына байланыштуу адабият, филология жаатындагы окууга тапшырсам деген максаты бар.

WhatsApp Image 2025-04-03 at 07.13.52 (1).jpeg

Окуучунун кыялдары

“Жан дүйнөм адабиятка жакын. Белгилүү акын Алыкул Осмоновду, анын ырларын, котормолорун абдан баалайм. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдой таанымал адам болуп, “Согуш жана тынчтык”, “Кичинекей ханзаада”, “Гарри Поттер” сыяктуу жалпы дүйнөгө белгилүү чыгармаларды жараткым келет. Кыргыз жана орус тилдеринде ыр, пейзаждык сүрөттөөлөрдү жазам. Бош убактымда чыгармаларды которгондон ырахат алам. Азырынча биринчи кадам катары аңгемелерди орус тилинен кыргыз тилине которуп жатам. Алдыда англис тилин жакшылап өздөштүрүп алып, бул тилден да чыгарма которсом дейм”, - дейт окуучу.

WhatsApp Image 2025-04-03 at 07.14.10 (1).jpeg

Мектептеги ийгиликтер

Азыр заман акылын иштетип, билимди баалай алган, ошонун үзүрүн көрө алган адамдардын заманы экени жалпыбызга маалым. Мектепте жакшы окуйм. Эки жылдан бери орус тилинен олимпиадаларга катышып, облустук деңгээлге чейин жетип, алдыңкы орундарды багындырып келе жатам. Маалыматтарды тез кабыл алам жана өзүмө да, башкаларга да талапты катуу коём. Ар дайым кошумча билим алып, китеп окуйм.

WhatsApp Image 2025-04-03 at 07.13.51.jpeg

Координациялык кеңеш

Биздин мектепте башка мектептерден өзгөчөлөнүп координациялык кеңеш бар. 9-класстан бери мен ошол кеңештин координаторумун. Ал а), б), д) ж.б. болуп бөлүнгөн 14 топтон турат. Кыскача айта кетсем, мисалы отличниктердин тайпасындагылар даражасын андан да бийик көтөрүшү керек. Кийинки топтогу ударниктер отличник болушу керек, мектепке жаңы келгендерди даярдоо сыяктуу башка дагы топтор бар.

WhatsApp Image 2025-04-03 at 07.13.53.jpeg

Окуучу убактысын кантип бөлүштүрөт?

Азыркы мезгилдин талабы – тайм менеджмент. Учурда ал өтө актуалдуу, баарына керектүү нерсе. Мисалы, биздин мектептеги убактыбыз бөлүштүрүлгөн, ал эми үйдөгү убактымды абдан кылдаттык менен бөлүштүргөнгө аракет кылам. Алдын-ала окуй турган китептеримди пландап алам. Ал бүгүн кайсы китепти окуйм, кимдин китебин, канча убакытта окуп бүтөм деген таризде кетет. Бошко кеткен убакытты кадимкидей кызганам.

WhatsApp Image 2025-04-03 at 07.14.27.jpeg

Асылкан биринчи орунга койгон асыл сапаттар

Мен баалаган сапаттар адамгерчилик, ыймандуулук, маданияттуулук жана өзүн-өзү тарбиялоо. Азыркы учурда бардыгы эле билимдүү болгону менен адамгерчилик аз. Андыктан, ушул сапаттарга мен көбүрөөк маани берем.