Дүйнөдө криптовалютанын потенциалы жогорулап баратат – Улукман Мамытов

Пикир Загрузка... 24 Октябрь 2025 16:44
1759575767_1064915385_573_0_2620_2047_1920x0_80_0_0_9ea3a764083fbda6cae30d9b1d0f951d.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Дүйнөдө криптовалютанын потенциалы жогорулап баратат. Бул тууралуу экономист Улукман Мамытов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын пикиринде, глобалдык финансылык система кризиске жакындап калгандыктан, алтындын баасы жогорулоодо. Кризис болуп калса, инструмент катары алтын менен криптовалюта колдонулуп калышы ыктымал. Бирок глобалдык тобокелчиликтери болгондуктан, абайлап мамиле кылуу зарыл.

“Азыр дүйнө жүзүндө криптовалюта популярдуулукка ээ болуп, өсүп-өнүгүүдө. Анткени криптовалютаны инструмент катары колдонууга да ыктап жатышат, анын жардамы менен көп акча каражатын табуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн туура чечим, принциптерди түшүнгөн кадрлар болушу шарт. Рыноктук мамилеге карап, кадр даярдоо маселесин чечсе болот. Университеттерди каржылап, криптовалюта жана блокчейн боюнча IT адистерин даярдоо керек.

Глобалдык экономика, глобалдык финансылык система кризиске жакындап калды. Ошондуктан алтындын баасы жогорулап жатат, бул ошол кризистен кабар берет. Эгерде финансылык система ошондой кризиске кирсе, анда инструмент катары алтын менен эле криптовалюта калат. Демек, криптовалютанын азыр потенциалы жогорулап баратат. Бирок өтө этияттык менен, абайлап мамиле кылыш керек. Мунун глобалдык тобокелчиликтери чоң”, - деди ал.

Ошондой эле Улукман Мамытов жарандардын акчалары өлкө ичинде эле калтыруу максатында криптовалюта системасын түптөп, маалыматтык платформа иштеп чыгуу кажет экенин белгилейт.

“Дүйнөдө криптовалютанын өскөнүнө карата кыргызстандыктар акчасын криптовалютага салууну пландап жатышат. Демек, Кыргызстандан көп суммадагы акча каражаттары чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан акчабыз башка жакка чыгып кетпей, бизде калышы үчүн биздин өлкөдө өзүбүздүн системабызды курушубуз керек деп ойлойм. Мисалы, Казакстанда акчаларды мамлекетинде калтыруу максатында финансылык борбор түзүлдү. Мындан улам биз бул багытта система түптөп, маалыматтык платформа иштелип чыгуубуз зарыл. Кыргызстанды виртуалдык активдер жаатында аймактык хабга айлантуу мүмкүнчүлүгүбүз жок деп айтууга болбойт. Ал үчүн байкап, башкаруу ыгын таап, өз жолубуз менен акырындап алдыга жүрө беришибиз керек”, - деди ал.