Ысык-Көлдө лагерде өспүрүмдөргө таштанды иргөө үйрөтүлдү

Аймак Загрузка... 03 Июль 2026 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан "Жаш мурас" балдар лагеринде эс алуучулар үчүн калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүү темасына арналган интерактивдүү экологиялык иш-чара өттү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы тарабынан уюштурулган бул долбоордун алкагында таанып-билүү оюндары, кызыктуу сынактар жана мастер-класстар өткөрүлдү.

Иш-чаранын башкы максаты өсүп келе жаткан муундун экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу, ошондой эле таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу жана кайра иштетүү боюнча практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү болду.

Кызыктуу өткөн эко-сааттын соңунда сынактардын жеңүүчүлөрүнө жана эң активдүү катышуучуларга эстелик белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, бул "Таза жашоо" акциясы алдыдагы эки күн ичинде Ысык-Көл облусундагы башка балдар лагерлеринде да улантылат. Уюштуруучулар мүмкүн болушунча көп өспүрүмдөрдү экологиялык билимге жана калдыктарды туура башкаруу маданиятына тартууну көздөшүүдө.