Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Ош өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгы тарабынан кампаларды фумигациялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, фумигация — кампалардагы, дан азыктарындагы жана башка сакталган продукциялардагы зыянкеч курт-кумурскаларды жана карантиндик организмдерди атайын газ түрүндөгү препараттар менен жок кылуу ыкмасы.
Бул иш-чара продукциянын сапатын сактоого, жоготууларды азайтууга жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Кампанын ээси жүргүзүлгөн иштердин сапатына өз баасын берип, фумигациянын өндүрүш үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.