Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Жумгал районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилген калктуу конуштагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 2020-жылы Чаек айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштагы 0,21 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 10 млн 830 миң сом өлчөмүндө бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.