Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Ош шаарынын Фрунзе кичи районунда жаңы курулган жолдун бир бөлүгүн мыйзамсыз тосуп, жер казган жеке курулуш компаниясынын иши толугу менен токтотулду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада "Ак Кайың" курулуш компаниясы мыйзамсыз жер казуу иштерин жүргүзгөндүгү аныкталган. Ага карата административдик айып пул салынды.
"Учурда аталган объекттеги бардык курулуш иштери толугу менен токтотулду. Чогултулган материалдар укуктук баа берүү үчүн Ош шаардык прокуратурасына жана УКМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат билдирүүдө.