Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук заманбап жабдуулар берилди

Аймак Загрузка... 02 Июль 2026 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына медициналык жабдуулар тапшырылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жабдуулар Япония өкмөтү тарабынан берилген.

"Бул "Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу" гранттык программасынын алкагында ишке ашкан "Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында медициналык чөйрөнү жакшыртуу долбоорунун" бир бөлүгү", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы баасы 10 млн сомдук эки негизги медициналык жабдуу тапшырылды:

  • трансуретралдык резекция үчүн эндоскопиялык стойка;
  • проктологиялык ооруларды дарылоо үчүн ультра үндүү диссектор.