Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Бүгүн Индиянын Нью-Дели шаарынын Малвия Нагар районунда жайгашкан "Florist Inn" мейманканасында чыккан өрттүн кесепетинен 21 адам, алардын арасында Кыргызстандын үч жараны каза болду.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 1976-жылы туулган Х.Н., 2003-жылы туулган Х.Т., 1950-жылы туулган К.М. аттуу кыргыз жарандары каза болгон.
Индиянын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү Нью-Дели шаарындагы медициналык мекемелерде дарылануу максатында Индияга барышкан.
"Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Индиянын компетенттүү органдары, ошондой эле каза болгон жарандардын туугандары менен тынымсыз байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардамды көрсөтүүдө. Учурда каза болгон жарандарынын сөөктөрүн мекенине жеткирүү жана зарыл документтерди тариздөө маселелери чечилип жатат",-деп айтылат маалыматта.