УКМК: Таласта токой чарба тармагындагы коррупциялык схемалар аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 03 Июнь 2026 20:00
2025-06-01_13-22-10_VyfSmq9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon УКМК

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Талас облусунда токой чарба тармагындагы коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Талас облусунун токой чарба системасында туруктуу коррупциялык механизмдердин бар экендигин көрсөткөн фактылар аныкталды.

Тактап айтканда, айрым кызмат адамдары мамлекеттик кызматтын кызыкчылыктарына жана КР мыйзамдарынын талаптарына каршы аракеттенүү менен, тиешелүү укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтер жок болгон шартта эс алуу багытындагы объектилердин мыйзамсыз курулушуна көмөк көрсөтүшкөн.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Бакай-Ата токой чарбасынын жетекчиси К.Э.М. кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө, ага тиешеси бар адамдардын кызмат ордуна жана макамына карабастан, катуу бөгөт коюларын эскертет.