Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы кооз Ак-Таш жайытында кезектеги рейддик иш-чара өттү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө жаратылыш аймактарын жана жайыттарды одоно бузган жарандарга жалпысынан 38 500 сомдук административдик айып пул салынды.
"Инспекторлор тарабынан жарандарга байма-бай эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Бирок, эскертүүлөрдөн жыйынтык чыгарбай, мыйзамды атайылап бузгандарга карата көзөмөл күчөтүлүп, мындан ары чаралар катаал болору эскертилди",-деп айтылат маалыматта.