Маданият министрлиги Nomad тобунун ийгилигин Кыргызстан үчүн тарыхый жеңиш деп атады

Маданият Загрузка... 25 Сентябрь 2025 13:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. Бул жеңиш үч таланттуу аткаруучунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын, элибиздин, маданиятыбыздын жана улуттук духубуздун жеңиши болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажималиев айтты.

WhatsApp_Image_CQb0LyP.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

"Nomad триосу эл аралык деңгээлде кыргыз маданиятынын жана чыгармачылыгынын бийиктигин тастыктай алды. Бул сынак Кыргызстан үчүн тарыхый баскыч болуп, бул ири маданий долбоордо өлкөбүз биринчи жолу расмий түрдө тең уюштуруучу катары чыгып, дүйнөлүк сахнада өзүнүн үнүн жаңырта алды.

Ал эми “Интервидение” сынагы жөн гана вокалдык таймаш эмес, дүйнөгө ар бир элдин улуттук баалуулуктарын жана тарыхын көркөм туюндуруу аркылуу көрсөтө турган уникалдуу платформа болуп саналат.

Бул ийгилик бир жолку кубаныч эмес, маданиятыбызга болгон ишенимди бекемдеген, кыргыз элинин үнү дүйнөгө жете аларын көрсөткөн олуттуу жетишкендик. Ошондой эле мындан ары да жигердүү өнүгүүгө, чыгармачыл потенциалыбызды таанытууга түрткү болуп эсептелинет. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги солисттерге, чыгармачылык топко, режиссердук жана визуалдык-техникалык чечимдерди ишке ашырган адистерге терең ыраазычылык билдирет”-деп билдирди ал.

Маалым болгондой, 20-сентябрда Москва шаарында өткөн “Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагына Nomad триосу катышып, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээлеп, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөрдү өзүнө тарта алды. Сынактын калыстар тобунда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ырыскелди Осмонкулов болду.

Кийинки «Интервидение-2026» сынагы Сауд Аравиясында өтөт.

Маалымат үчүн: “Интервидение – Золотой ключ” эл аралык музыкалык сынагы алгачкы жолу 1965-жылы Чехословакияда өткөрүлгөн. Ал эми 1977-жылдан тартып, “Интервидение” деген аталыш менен Польшадагы Сопот шаарында жыл сайын өткөрүлүп келген. 2008-жылы Сочи шаарында “Беш жылдыз. Интервидение” деген аталыш менен өткөн. 2025-жылы бул фестивалдын жаңы баскычы башталып, ага Кыргызстан да катыша алды.