“Интервидение” сынагында Nomad тобу бардык жагынан мыктылыгын көргөздү – Ырыскелди Осмонкулов

Маданият Загрузка... 25 Сентябрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. “Интервидение-2025” эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан калыстар тобунун мүчөсү катары катышкан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ырыскелди Осмонкулов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында аталган конкурс жана анда өлкө атынан ырдаган Nomad тобунун ийгиликтери тууралуу ойлору менен бөлүштү.

WhatsApp Image 2025-09-25 at 11.14.06.jpeg

“Интервидение” сынагы өтө масштабдуу, вокалдык өнөр, сахна чеберчилиги жана шоу камтылган иш-чара болуп саналат. Конкурска катышкан 23 өлкөнүн иденттүүлүгү жана өзгөчөлүктөрү бизди таң калтырбай койгон жок жана ага катышуунун өзү бизге тажрыйба болду.

Ошондой эле Мырзали Жээнбаевдин “Жалгыз сага” ыры биздин өлкөнүн алтын үндөрү менен жаңы өңүттө жаңырды. Мен ал жерден биздин жигиттер менен сыймыктанып турдум. Анткени, биздин солисттердин программасы башынан аягына чейин бир калыпта, өз орду менен болуп, драматургиясы жана аткаруу чеберчилиги, сахна декорациясы, маданиятыбызды көргөзүү жагынан дагы мыкты болду. Биздин трио Вьетнам өлкөсүнөн да жогору турду. Ошондуктан, биздин балдар биринчиликти алды десем да жаңылышпайм”,-деп белгиледи.

WhatsApp Image 2025-09-25 at 17.30.51.jpeg

Ошондой эле маалымат жыйын учурунда “Интервидение-2025” эл аралык конкурсунун катышуучуларынын бири, Nomad тобунун солисти Азат Раимбердиев да сынак жөнүндө ойлору менен бөлүштү.

“Бул жерде Nomad тобунан сырткары өтө чоң команда иштеди. Биринчиден, бизди сынактын башынан аягына чейин коштоп жүргөн, бардык тарабынан колдоого алып, бул номердин чыгышына шарттарды түзүп берген Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигин баса белгилей кетүү керек. Бул биздин жалпы ийгилигибиз болуп саналат. Ошол эле маалда бизди колдоп турган кыргыз элине ыраазычылык билдиребиз.

Ал эми сынактын өзү жөнүндө айта турган болсом, ал жогорку деңгээлдеги, чоң масштабдагы иш-чара болду. Муну менен катар биз бул жерден ага катышуунун да жоопкерчилигин сезип жаттык. Себеби, биз өлкөбүздүн атынан чыгып жаттык. Бир жагынан алганда тажрыйба да болду.

WhatsApp Image 2025-09-25 at 17.30.57.jpeg

Негизги репетиция учурундагы тартуу иштеринде экран аркылуу байкап жаткан лайф аренанын, жада калса медицина кызматкерлеринин дагы колдоосун сезип жаттык. Ошондой эле режиссердук курам дагы биздин сынакка кылган жоопкерчиликтүү мамилебизди, тапшырмаларды өз убагында аткарып жаткандыгыбызды жактырып жатты”,-деди ал.

Белгилей кетсек, 20-сентябрда Москва шаарында өткөн “Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагына Nomad тобу катышып, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээлеп, өлкөнүн атын эл аралык сахнада чыгарууга жетишти.