Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Каракол шаарында жеке ишкердин бал өндүрүүчү цехинде ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышы боюнча атайын мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Тиешелүү адистер өндүрүш аймагындагы санитардык абалды, технологиялык процесстерди жана продукциянын коопсуздук талаптарына шайкештигин изилдешти.
Мониторингдин жүрүшүндө өндүрүш цехи ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берери аныкталды. Ошондой эле бал өндүрүү жана сактоо шарттары белгиленген нормаларга ылайык жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан экспорттук продукциялардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштер улантылууда.
Ветеринардык көзөмөл органдары экспортко багытталган продукциялардын сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, эл аралык талаптардын сакталышы туруктуу көзөмөлдө болорун маалымдайт.