Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Каракол шаарынын тургундарын тынчсыздандырган негизги көйгөйлөрдүн бири - унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги.
Каракол мэриясынын маалыматы боюнча, бул маселе мэр Талантбек Имановдун калк менен болгон жолугушуусунда кеңири талкууланды.
Шаардыктардын айтымында, унаа токтотуучу жайлардын тартыштыгы өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү коомдук тамактануу жайларынын жана соода түйүндөрүнүн жанында курч сезилүүдө. Натыйжада унаалар тыюу салынган жерлерге токтотулуп, бул тыгындардын пайда болушуна жана шаардагы кыймылдын жайлашына алып келүүдө.
Шаар башчысы бул көйгөйдү чечүү үчүн системалуу жана узак мөөнөттүү иштер зарыл экенин белгиледи. Анын пикиринде, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары менен биргеликте унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүүнү жана шаар аймагындагы парковка тармагын тартипке келтирүүнү караган атайын долбоор иштеп чыгуу керек. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси да көңүл борборунда турат.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы Караколдо 100 чакырым ички жолдорду толугу менен оңдоо пландалууда. Бул ири инфраструктуралык долбоорлордун алкагында унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү жана заманбап парковкаларды уюштуруу маселеси да каралууда. Мындай чаралар жол кыймылын жеңилдетип, тургундар үчүн ыңгайлуу жана иреттүү шаардык чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.