Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен көчмө жыйынынын алкагында Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдык иштери жеринде каралды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага парламент депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Алар Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборунун, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунун жана Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданынын даярдыктарын көрүштү.
Ат оюндары боюнча мелдештерди жана "Көчмөндөр жаңырыгы" этно-хиттер фестивалын өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдык иштерине өзгөчө баа берилди.
Текшерүүдөн соң ипподромдун жыйындар залында эл аралык бул ири иш-чараны уюштуруу боюнча жалпы отурум болуп, маалымат угулду.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын маданий мурасын, улуттук спорт түрлөрүн жана көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын дүйнөгө таанытууга багытталган. Учурда министрлик тарабынан оюндардын маданий программасын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча даярдыктар кызуу уланууда.