Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кемин районунда тиешелүү уруксат кагаздары жок курулуп жаткан завод аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө Кемин районунун Хутор 4 аймагында жайгашкан объектте шаар куруу мыйзамдарынын талаптары одоно бузулганы белгилүү болгон.
Тактап айтканда, заводдун курулуш иштери эч кандай уруксат берүүчү документтерсиз башталган. Мындан тышкары, объект мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталган эмес, бул өлкөнүн "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын талаптарына каршы келет.
Буга байланыштуу курулушту жүргүзүп жаткан "БМ" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле компанияга курулушту мыйзамдаштыруу жана кеткен кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.