Кибералдамчылык боюнча кылмыш иштеринин 42%нын бети ачылды

Укук тартиби Загрузка... 24 Июнь 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-06-23 at 16.24.13 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Быйылкы жылдын алгачкы 5 айында Кыргызстанда кибералдамчылык боюнча козголгон 2 миң 48 кылмыш ишинин 42 пайызынын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү Чолпон Назаркулова “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, калган кылмыш иштер боюнча тергөө иштери уланууда жана бул көрсөткүч акыркы жыйынтык эмес.

“Белгилүү болгондой, тергөөнүн мөөнөтү 2 ай. Эгер бул убакыт жетишсиз болсо, тергөөчү аны узартууга укуктуу. Ошондуктан бүгүнкү күнгө карата кылмыштардын 42%нын бети ачылганы менен бул сан дагы өзгөрүшү мүмкүн. Учурда калган иштер боюнча тергөө жүрүп жатат”, - деди ал.

Назаркулова белгилегендей, кибералдамчылык боюнча кылмыштарды ачууда жарандардын өз убагында кайрылуусу чоң роль ойнойт.

“Жабырлануучулар тез арада арыз менен кайрылса, кылмышкерлерди аныктоо мүмкүнчүлүгү жогору болот. Бирок, көп учурда жарандар кеч кайрылып жатат. Акчалар бир нече эсептерге которулуп кеткенден кийин аларды табуу кыйындап кетет. Айрым учурларда каражаттар криптовалютага айланып кетет”, - деп кошумчалады ал.