Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. 2026-жылдын алгачкы 5 айында Кыргызстанда кибералдамчылык боюнча 2048 кылмыш иши козголуп, бул көрсөткүч өткөн жылдын жалпы статистикасынан ашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү Чолпон Назаркулова "Элден собол" берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы өлкө аймагында жалпы 1547 киберкылмыш катталган. Ал эми быйылкы жылдын 5 айында эле бул көрсөткүч андан ашып, өсүү тенденциясы сакталууда.
"Салыштырып көрсөк, былтыркы жылдын көрсөткүчүнөн биз 5 айда эле ашып кеттик. Эгер ушул эле тенденция калса, жыл аягына чейин былтыркы жылдын статистикасынан 3 эсе ашып кетишибиз мүмкүн. Негизи киберкылмыштуулук биздин республикада эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө, айрыкча коңшу мамлекеттерде да күч алып жатат десек болот. Кибералдамчылык акыркы 2-3 жылдан бери өтө көп катталып жатат", — деди ал.
Назаркулова белгилегендей, мурда эң көп катталган кылмыштардын катарын уурулук ээлеп келген. Бирок быйылкы статистика боюнча, алдамчылык фактылары уурулуктан да ашып, биринчи орунга чыгууда.
"Былтыр ушундай эле тенденция Казакстанда байкалган. Ал жакта да алдамчылык биринчи орунга чыккан. Быйылкы жылга болжол кылсак, уурулукка караганда алдамчылык көбүрөөк катталып, кылмыш иштери козголот", — деп кошумчалады улук ыкчам өкүл.