ӨКМ: Балыкчыдагы өрт толугу менен өчүрүлдү

Кырсык Загрузка... 05 Февраль 2026 09:20
copyright icon ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок-2 айылындагы куураган чөптөн чыккан өрт 5-февралга караган түнү саат 01:05те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 22:30дан тарта 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Жабыркагандар жок.

Тилсиз жоонун кесепетинен болжол менен 2 гектар аянт жана алдын ала маалымат боюнча, жол жээгинде жайгашкан 4 боз үй, 2 темир калайдан жасалган соода күркө өрттөнгөн.